Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Рысалиев: Көлбаев биргелешкен операциянын алкагында кармалды


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин бүгүн журналисттерге билдиришинче, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында кармалды. Бул адамдарды кармоого “Интерполдун” өкүлдөрү, Бириккен Араб Эмиратынын жергиликтүү полициясы жана Кыргызстандын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери катышкан. Кыргызстандык адистер буга чейин төрт ирет БАЭге барып келишкен экен.

Уюшкан кылмыштуу топтордун төбөлдөрү делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов 19-июлда Бириккен Араб Эмиратынын Абу-Даби шаарында кармалган. Учурда кыргыз тарап бул адамдарды кайтаруу аракетин көрүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG