Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Президент спикердин билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө берди


Президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго анын ЖМКлардагы бир катар сөздөрүнө байланыштуу кат жолдоп, анда анын “24 kg” маалымат агенттигине 2011-жылдын 20-июлунда курган маегинде айрым сөздөрүнө тактоо киргизди.

Ага ылайык, Роза Отунбаева Ахматбек Келдибековдун “мамлекет башчынын 5-каналда иштеген тууганы депутаттарды Малайзияга жана Индонезияга болгон сапарына байланыштуу “соккула” деп буйрук берген”, “президент Сингапурга, Малайзияга жана Филиппинге иш сапар пландаштырып жатканда Куала-Лумпур баш тартып койгон” деген маалыматтарын четке кагууда.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Роза Отунбаева спикерден мамлекет башчысынын "Бешинчи каналдын" маалыматтык саясатына таасири бар кайсы тууганы туурасында сөз болуп жаткандыгын тактап коюусун өтүнөт.

Катта Отунбаева Сингапурдун президентинен атайын чакыруу кагазын алгандыгын жана бул иш сапар айдын аягына белгиленгендигин айткан. Бирок ортосунда маанилүү эки тараптуу документтерди макулдашуу процедурасынан өткөрүү үчүн кошумча убакыт талап кылынгандыктан кыргыз тарап иш сапарды башка мөөнөткө жылдыруу боюнча демилге көтөргөн. Андан тышкары, бул чечим жайкы туристтик сезонго байланыштуу Сингапурга барып келүүгө каралган чыгымдар демейдегиден кымбатыраак болгондугунан улам да кабыл алынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG