Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Ысык-Көлдөгү Мерцбахер көлү ташып кетүү коркунучунда


Ысык-Көл облусунун Аксуу районундагы Эңилчек айылдык округуна караштуу Сары-Жаз жайлоосунда деңиз деңгээлинен 3300 метр бийиктикте жайгашкан Мерцбахер көлү 2011-жылдын 23-июлу күнү толуп, ташып кетүү коркунучу бар. Мындан улам Чукул кырдаалдар министрлиги аталган аймакта жашаган жарандарды, жайлоодогу чабандар менен малчыларды, ошол багытта жүрүшкөн туристтер менен альпинисттерди сак болууга чакырат.

Чукул кырдаалдар министрлиги дүрбөлөңгө түшүүнүн да зарылдыгы жок экендигин эскертет. Анткени бул жыл сайын кайталанып туруучу көрүнүш. Болгону суунун агымы өз деңгээлинен жогорулашы күтүлгөндүгүнө байланыштуу адамдардын өлүмүнө жана материалдык чыгымдарга жол бербөө чараларын көрүү абзел.

Көлөмү 200 миң куб болгон 1-категориядагы (эң коркунучтуу) Мерцбахер көлүнө учурда адистер жеринде байкоо салып турушат. Былтыр 16-июлда да бул көлдүн суусу ташыган. (KKs)

XS
SM
MD
LG