Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Норвегия: Ослодо жардыруу болду


Ослодогу жардыруу. 22.7.2011.
Ослодогу жардыруу. 22.7.2011.
Норвегиянын ордо шаары Ослодо жума күнү түштөн кийин жардыруу болду. Анын айынан бери дегенде эки киши набыт кетип, бир нече киши жаракат алды.

Жардыруунун эпкининен көп кабаттуу өкмөт үйүнүн терезелери бырын-чырын болду. Күбөлөрдүн айтымында, бир автоунаа талкаланып жатат.

Өкмөт башчынын басма сөз өкүлүнүн тастыкташынча, өкмөт башчы Йенс Столтенберг жардыруудан жабыр тарткан эмес.

Өкмөт үйүндө жана ага жакын жайгашкан "Верденс ганг" гезитинин башкеңсесинде иштеген кишилер шашылыш түрдө коопсуз жакка чыгарылды.

Бомба жарылган аймакты норвегиялык полиция күчтөрү курчоого алды.

XS
SM
MD
LG