Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Депутат өрттөлгөн базардын ишкерлерине жардам берди


Нарын шаарындагы күйүп кеткен “Мукаш-Ата” базарынын ишкерлерине Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев өз атынан 400 миң сом жардам берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын жардамчысы Таалай Исраилов кабарлады. Аталган сумма келе жаткан дүйшөмбү күнү Нарын шаардык мэриясы тарабынан атайын өрттөн жабыр тарткандарга ачылган жалпы банктык эсепке которулмакчы.

5-июлда түнкү саат 11лер чамасында Нарын шаарындагы “Береке” жана “Мукаш-Ата” базарларын өрт чалган. Учурда тазалоо иштери бүтүп калды деп кабарлады Нарын шаардык мэриясы. (ErB)

XS
SM
MD
LG