Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Зилзаладан кийинки чыгымдар эсептелүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Абдишарип Бекилов билдирди. Маалыматка ылайык, учурда зилзаланын кесепетенин зыян келген турак-жайлар иликтенип, келтирилген зыяндын акчалай чыгымдары эсептелип жатат. Соңку маалыматтар боюнча, 20-июлдагы жер титирөөдөн кийин Баткен жана Ош облустарында кеминде 780ден ашык турак-жай авариялык абалга келди.

19-июлдан 20-июлга оогон түнү саат 1:35те Баткен аймагында жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Совет айыл округунда 7-8 баллга жеткен. Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларында 5,5 балл, Ош шаарында 5 баллды түзгөн. Жалал-Абат облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалган. Силкинүү ошол эле түнү саат 2:46 жогорку аймактарда кайталанып, Совет айыл округунда 2 баллга жеткен болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG