Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Президент Норвегия королдугуна көңүл айтуу катын жөнөттү


Президент Роза Отунбаева Норвегия королу Харальд Vке өлкөдө болуп өткөнү кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Катта Отунбаева Норвегиядагы эки терракты айыптап, террорчулукка актоо жок экендигин белгилеген.

Жума күнү Норвегиянын борбору Ослодогу өкмөт үйүнүн жанында жардыруу болгон. Ушул эле күнү Осло шаарынын түштүгүндөгү Утойа аралында бийликтеги Лейбористтик партиянын жаштар канатынын лагерине чогулган жаштарга полиция кийимин кийген бир киши ок жаадырган. Бул эки окуянын натыйжасында 90дон ашык адам мерт болгон. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG