Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Жогорку Соттун судьялыгына 102 талапкер арыз берди


Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, республика боюнча жалпысынан 450 соттук кызмат орун болсо, бүгүнкү күнгө чейин миңден ашуун арыз келип түшкөн. Алардын ичинен Жогорку Соттун судьялыгы үчүн 35 орунга 102 талапкер арыз берген. Сотторду тандоодо ар кандай коррупциялык элементтерден алыс болуу үчүн кеңешменин мүчөлөрүнүн жана жакындарынын телефондору тыңшоого алынып, ички жана сырткы көзөмөл күчөтүлгөн.

Соттук кызматка арыздарды кабыл алуу бүгүн кечки саат төрттө аяктайт. Ал эми талапкерлердин ким экени жана критерийлерге дал келери он күн бою аныкталат. Эл арасынан, мамлекетик бийлик өкүлдөрүнөн соттордун ишмердүүлүгү туурасында пикирлер топтолуп, ачык колго салуу аркылуу тандалып алынат. Тандалган соттор тууралуу президент каршы пикирде болбосо, тизме Жогорку Кеңешке жиберилет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG