Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

Кыргызстанда 2012-жылы илбирстерди сактоо боюнча дүйнөлүк форум өтөт


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева “Биринчи радиодогу" маегинде билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 20 жыл мурун миңге жакын илбирс бар болсо, азыр алардын 200дөйү калган. Ошол себептүү президент Германиянын Канцлери Ангела Меркелге кайрылган. Өз кезегинде Меркел Германиянын өкмөтүнө атайын программаны иштеп чыгуу тапшырмасын берген. Программада уникалдуу жапайы жаныбарларды сактоо жана жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу да камтылган. Илбирстерди сактоо боюнча Бишкекте өтө турган бүткүл дүйнөлүк форумга Кытайдын, Непалдын, Индиянын, Пакистандын, Казахстандын жана башка өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышаары күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG