Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жарым жылда бюджеттин киреше булагы 30% көбөйдү


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыктагы" маегинде өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев билдирди. Ал бюджеттин киреше булагы каражатты уурдаган кызматкерлерди тыюунун эсебинен көбөйүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле өкмөт башчысы кышка карата бюджет какшып, өкмөт банкротко учурайт деген сөздөрдү четке какты. Ал жакын арада пенсия көтөрүлөөрүн да кошумчалады.

Атамбаев Кыргызстан өзүн мунайзат, газ менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, инвесторлор табылып, бул тармакка жакшы көңүл бурулса өлкө түштүгүндө күйүүчү майга болгон суроо-талап чечилмектигин да айтты. Өкмөт башчы Москвага соңку барган учурунда да ушул багытта Орусия бийликтери менен сүйлөшкөнүн, Кыргызстанга инвесторлор келерин кошумчалады. “Газ боюнча да башка булактар изделүүдө. Совет маалында ушул тармакта министр болуп иштеп турган адамдар менен сүйлөштүк. Кыргызстанда мунай жана газ жетиштүү бар экенин айтышты”, - деди Атамбаев.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Москвага Орусиянын Омск мунай иштетүүчү ишканасы 1-июлдан тарта Кыргызстанга күйүүчү майды берүүнү токтотуп, өлкөдө бензиндин кээ бир түрлөрүнө 15-20 литрдик чектөө киргизилгенден кийин барган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG