Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

“Оймо-2011”: Эски буюмдар табылууда


"Оймо-2011" көргөзмө-жарманкеси, 25-июль.
"Оймо-2011" көргөзмө-жарманкеси, 25-июль.

Бишкекте «Оймо-2011» фестивалы өтүүдө. Жыл сайын фестивалга катышкан кол өнөрчүлөрдүн саны арбып, жарманкеге коюлган буюмдардын сапаты менен ар түрдүүлүгүнө жакшы баа берилип келет.

Фестивалга Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркия мамлекеттеринин кол өнөрчүлөрү катышып жатат деп айтылганы менен көргөзмө-жарманкеде кыргыз- өзбек кол өнөрчүлөрүнүн буюмдары басымдуу.

Көргөзмө-жарманкени кыдырып жүрүп кыргыздын унутта калган кийим-кечектерине көзүм түштү. Бир жылдары Тажикстандын Жерге-Тал районунан насип буюруп, ошол жактагы кыргыз туугандар менен кадимки кыргыз кымызы жөнүндө сүйлөшө кетсем, “Азыр бизде кымыз жасаган апаларыбыз калбай калды. Кымызды жасаганды билбейбиз”,- дешкен эле. Бул мага чынында таңгалыштуу болгон.

Ал эми бүгүн такыр эле унутта калып, улгайган уздар менен кошо жоголуп кеткен жана жоголуу коркунучунда турган кыргыздын буюмдары, кийим-кечектери өтө эле арбын. Бир эсе таңгалыштуу, бир эсе көйгөй. Алардын бири түштүк кыргыздарына таандык байбичелердин баш кийими болгон келякты сиздин эсиңизге салалы. Алай районунун тургуну:

- Келяк- Алай, Чоң-Алайдагы кыргыздарга көбүрөөк таандык болгон байбичелердин баш кийими. Мунун мааниси абдан чоң. Бир жагынан элечекке да окшош, бирок көчмөндүк шартка байланыштуу келякка 15-30 м чейин кездеме кетет. Бул көчүп- конуп жүргөн учурда төрөгөн келиндердин ороо-чулгоосу жана каза болуп кеткендердин кепини катары колдонулчу экен. Мунун салмагы да өтө оор, бирок илгери апаларыбыз ушул баш кийимди кийип алып үй оокаттарынын баарын жасашкан. Топоз саашкан.

Бул бир гана мисал. Көргөзмө-жарманкеден мына ушул өңдүү буюмдарды өтө арбын кезиктирүүгө болот.

Кыргыздардан айырмаланып, өтө ачык түстөргө ыктаган өзбек кол өнөрчүлөрү менен да сүйлөшө кеттик. Чопо идиштери менен Кыргызстанга экинчи ирээт келип жаткан Сухрап Юсуповду угалы:

- Биздин маданиятыбыз, тилибиз бири-бирине окшош болгондой эле чополорубуз да бири-бирине окшош. Ошон үчүн биздин буюмдарыбызды сатып алышып, колдонушат. Мен он беш жылдан бери Орто Азия кол өнөрчүлөр көргөзмөлөрүнө катышып келем. Мындан он жыл мурункуга салыштырмалуу кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн деңгээли кыйла жогорулады.

Көргөзмө-жарманкени кыдырып жүрүп, өзгөчө кыргыз кол өнөрчүлөр арасында кийиз иштетүү, деги эле жүн менен ар кандай буюм, кийим кечектерди жасоо ушунчалык өнүгүүгө багыт алганын көрүүгө болот. Бирок казак, өзбек кол өнөрчүлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда чопо менен иштегендер жана күмүш менен зергерчилик кылгандар өтө эле аз экенин иш-чарага катышкандар белгилеп жатышты.

"Оймо" фестивалынын уюштуруучулары белгилегендей, иш-чаранын бирден-бир максаты - улуттар аралык мамилени чыңдап, алаканы күчөтүү. Алты жылдан бери бул багытта алгылыктуу иштер жасалды, бирок улуттук кол өнөрчүлүк мындан да жогорку деңгээлдеги колдоолорго муктаж болуп турат.

Борбордук Азиядагы маданият жана искусство түйүнү коомдук уюмунун жетекчиси Алмакан Найзабекова бул багытта оюн төмөндөгүдөй айтты:

- Баары бир гана фестивалды өткөрүү менен чектелип жаткандыгы туура эмес. Негизи Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрдүн атайын галереясы же музейи курулуш керек. Алар ар бир күнү өздөрүнүн өндүргөн буюмдарын сатканга мүмкүнчүлүгү болсо өтө жакшы болмок. Негизи мамлекет тарабынан жакшы шарттар түзүлгөн болсо, бул кол өнөрчүлүктү гана өнүктүрбөстөн мамлекеттин бюджетине чоң киреше алып келмек эле.

Учурда Бишкек шаарында өтүп жаткан “Оймо-2011” фестивалы 2-августта Чолпон- Атадан жыйынтыкталат.
XS
SM
MD
LG