Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01

Президент болом дегендер саны азырынча 24


Бүгүн БШКга шайлоого катышуу ниетин КМШ, Балтия жана Чыгыш Европа 22 мамлекеттин Эл аралык өнөр жайчылар жана ишкер адамдар Конгрессинин вице-президенти (Москва), Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдардагы президенттик шайлоодогу талапкер Акбаралы Айтикеев билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин президенттикке талапкер катары Асида Иманалиева, Сазыкбай Турдумалиев, Өмүрбек Бөлтүрүков жана Алмазбек Каримов шайлоого катышуу ниетин расмий билдиришкен. Ошондой эле “Жашылдар” партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаев, “Эл үчүн” партиясынан Арстанбек Абдылдаев, “Ата-Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров жана Коммунисттер партиясынан Исхак Масалиев президенттикке ат салыша турганын БШКга маалымдашкан.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов, Жогорку Соттун судьясы болуп иштеп келген Барктабас Аземкулов, убактылуу жумушу жок деп белгиленген Тургунбек Нарикеев, Жылдызбек Стамбаев, ошондой эле Нурлан Мотуев, “Московский Комсомолец - Азия” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов, убактылуу иштебеген Темиркул Өмүралиев жана Коргоо министрлигинин кызматтан чегинген полковниги Болотбек Казакбаев, “Инсанат” коомдук корунун жетекчиси Өмүрбек Эгембердиевдер өзүн өзү көрсөтүшкөн. Кечээ талапкерлигин өздөрү көрсөткөндөрдүн тизмесин мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев, убактылуу иштебеген Дамира Токтосунова, латвиялык “Маро” ишканасынын өкүлү Сайнидин Султанидинов жана Президенттин иш башкармалыгынын бөлүм референти Эрнис Айтымбетов толуктаган. Ал эми БШКга талапкер катары кайрылган "Сергей Радоженский жана Айкөл Манас" укук коргоо борборунун жетекчиси Игорь Трофимов өз арызын кайтарып алган.

Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Ошондой эле бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш. Президенттик шайлоого катышууну каалагандар 15-августтун кечине чейин БШКга расмий кайрылууга тийиш. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG