Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Атамбаев Норвегия премьер-министрине көңүл айтуу катын жолдоду


Өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев 22-июлда Осло шаарында жана Утойа аралында болгон кайгылуу окуяларга байланыштуу Норвегия королчулугунун премьер-министри Йенс Столтенбергге Кыргызстан өкмөтүнүн атынан көңүл айтуу катын жолдоду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Катта Атамбаев Осло шаарынын түштүгүндөгү Утойа аралындагы террорчулук аракеттин катаалдыгын жана жүзү каралыгын айыптаган. Буга чейин Норвегия королдугуна президент Роза Отунбаева
көңул айтуу катын жөнөткөн.

22-июлда Норвегиянын борбору Ослодогу өкмөт үйүнүн жанында жардыруу болгон. Ушул эле күнү Осло шаарынын түштүгүндөгү Утойа аралында бийликтеги Лейбористтик партиянын жаштар канатынын лагерине чогулган жаштарга полиция кийимин кийген бир киши ок жаадырган. Бул эки окуянын натыйжасында 90дон ашык адам мерт болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG