Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Брейвик 2 террордук топ менен байланышын айтты


22-июлда Осло жана ага жакын Утойа аралындагы чабуулдарды ишке ашырган деген шек менен кармалган Брейвик сотто “өзү мүчө болгон террордук тармакка кирген эки топ менен байланышта туруп” чабуулдарды ишке ашырганын айтты.

Жабык тартиптеги соттук угуу 35 мүнөткө созулду. Сот Брейвикти 8 апта камакта кармоого өкүм чыгарды, анын 4 жумасында айыпталуучу жалгыз камерада отурат.

32 жаштагы норвегиялык бул жаран 2 чабуулду өз моюнуна алганын жекшембиде полиция жарыялаган. Акыркы маалымат боюнча террордук чабуулда өлгөндөрдүн саны 90го чукул. Жоон топ киши дарексиз экени кабарланууда.

Андерс Брейвик жасаган кылмышын мойнуна алып, соттун жүрүшүндө баарын толук айтып бере тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG