Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Иранда актрисалар күрөөгө бошотулат


Ирандын юстиция тармагынын маалымат катчысы актриса жана режисер Пегах Ахангарани менен актриса Марзиер Вафамехр күрөөгө бошотулаарын жарыялады. Голам Хоссеин Мохсении Эжейе «экөө коопсуздук кызматкерлеринин билдирүүсүнөн улам сот жообуна тартылгандан кийин, бүгүн-эртең бошотулат» деп айтканын ИРНА агенттиги кабарлады. Ахангарани өткөн аптада Аялдардын дүйнөлүк Футбол мелдешин өз блогунда чагылдыруу үчүн Германияга жол тартаардын алдында камакка алынган. Ахангарани 2009дагы президенттик шайлоодо оппозиция лидери Мир Хоссейн Мусавинин талапкердигин колдогон эле. Ал шайлоодо Махмуд Ахмединежад кайра шайланган. Вафамехр консерваторлук чөйрөлөрдүн сынына кабылган «Менин Тегераным сатыкка коюлат» деген көркөм тасмадагы ролу үчүн камакка алынган.

XS
SM
MD
LG