Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Сокулукта 200-250 гектар куураган чөп күйүп кетти


Бул тууралуу Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, күйгөн аймак Сокулук районунун Кызыл-Туу айылынан 15 чакырым алыстыктагы тоо этегиндеги жайгашкан. Өрт 23-июлда кечкурун башталып, азырга чейин уланууда.

Кырсык катталган аймакка өрт өчүрүүчү техникалар бара албагандыктан, өрттү айыл жакка таркатпоо максатында 1 трактор жана 30 жергиликтүү тургун ишке тартылды. Райондук жетекчилер тарабынан өрттү тезирээк өчүрүү талабы коюлду.

Буга чейин Тогуз-Торо районунда, Чүй облусунда жүздөгөн гектар жайыт күйүп кеткен. (KKs)

XS
SM
MD
LG