Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Манас менен Айтматовдун айкели 30-августта ачылат


Бул тууралуу вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов өкмөттө өтүп жатканын жыйында билдирди. Анын айтымында, бул эки айкел тең Москвада даярдалып жатат. Учурда айкелди жасоонун негизги иштери аяктап, эстеликтер колого куюлууда.

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы “Экиндик” айкелинин ордуна тургузулчу Манастын айкелинин бийиктиги 17 метр 55 сантиметр болот. Анда Манастын ат минип, кынынан суурулбай турган кылычын кармап, бир колун көтөрүп турганы сүрөттөлөт. Ал эми мурдагы Агропром имаратынын алдына орнотула турган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эстелигинин бийиктиги 7 метр 60 сантиметр болот. Бул эки эстеликти жасоого 28 млн. сом керектелет. Ибрагим Жунусовдун айтымында, бул каражаттар бюджеттен алынган жок. Айкелдерди даярдоого атайын демөөрчүлөр жардам берүүдө. Учурда анын 10 миллиону табылды. 28 миллион сомдун 17 миллиону Манастын айкели, 11 миллиону Чыңгыз Айтматовдун эстелиги үчүн сарпталат.

Жунусов билдиргендей, бул эки айкелди иштеп чыгуу үчүн жабык түрдө сынак жарыяланган. Атайын топ бул багытта январь айынан бери иштеп келе жаткан. Манастын эстелигин жасоо озуйпасын буга чейин Кожомкулдун айкелин тургузган скульптор Базарбай Садыков утуп алган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG