Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39

БШК төрагасы маалымат агенттиктери боюнча түшүндүрмө берди


Боршайком төрагасы Туйгуналы Абдраимов маалымат агенттиктери маселеси боюнча маалымат жыйынын өткөрүп, мыйзамга ылайык БШК интернет булактарын каттоодон өткөрө албаарын билдирди. Анын айтымында, маалымат агенттиктери жана интернет гезиттер жалпыга маалымдоо каражаты деп таанылбагандыктан, аларды БШК көзөмөлгө ала албайт. Талапкерлер шайлоо фондунан маалымат агенттиктериндеги үгүт иштери үчүн каражат бөлүп бере албайт. Эгерде маалымат агенттиктери үгүт жүргүзө турган болсо, айып төлөөгө мажбур болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы 21-июндагы отурумунда жалпы 143 массалык маалымат каражатын каттап, 11 маалымат агенттигине үгүт жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берген эмес. Бул жагдай маалымат агенттиктеринин жана бир катар медиа уюмдардын нааразылыгын жараткан. (KKs)

XS
SM
MD
LG