Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Мечитте түнөөгө тыюу салынууда


Ош шаарынын имамы мечиттерде түнөөгө жана жаш балдардын диний сабак алуусуна убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Ош шаар мэриясы өткөргөн жыйында айтылды. Маалыматка ылайык, бул жаш балдардын жалпы билим берүүчү мектептерде окубай диний сабак алышын алдын алуу болуп эсептелет. Жыйында Оштогу ири мечиттердин бири “Алайда” мектепке барбай жүргөн 11 бала диний сабак алып жүргөнү мыйзамсыз деп айтылды.

Ош шаардык имамдын бул чечими менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабардар эместигин “Азаттыкка” муфтияттын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев билдирди.

Ош шаарында 51 мечит катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG