Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Шайлоодо жаштардын активдүүлүгүн арттырууга арналган талкуу өтөт


29-июлда Бишкекте алдыдагы президенттик шайлоодо жаштардын активдүүлүгүн арттырууда маалыматтык өнөктүктүн ролуна арналган талкуу өтөт.

Долбоордун жетекчиси Надежда Боровикованын “Азаттыкка” билдиришинче, талкууга жаштар менен иштешкен бейөкмөт жана медиа уюмдар чакырылды. Талкууда аудио жана видео аркылуу балдардын жана жаштардын шайлоо укуктары тууралуу маалыматты кеңири жеткирүү жолдору каралат.

Иш-чара “Балдардын медиа-борбору” коомдук уюму аркылуу уюштурулууда. Талкуу “Акылың менен танда” долбоорунун алкагында ишке ашмакчы. (EK)

XS
SM
MD
LG