Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

“Замандаш” "Шайлоо тууралуу" мыйзамга нааразы


“"Шайлоо тууралуу" жаңы мыйзам четте жашаган кыргызстандыктардын шайлоого болгон укуктарын бузууда". Мындай пикирин “Азаттыкка” “Замандаш” партиясынын Орусия жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын менеджери Бактыбек Жумагулов билдирди.

"Шайлоо тууралуу" жаңы мыйзамга ылайык, шайлоо бекеттери дипломатиялык өкүлчүлүктөр бар гана жерлерде ачылары каралган. Жумагулов мындай жагдайда Орусияда жүргөн мигранттар үч жерде гана: элчилик жайгашкан Москва жана консулдуктар орун алган Екатеринбург менен Новосибирскиде шайлоодо добуш бере алаарын айтууда.

“Кыргыздар Орусиянын 50дөн ашык шаарында эмгек мигранты катары жүрөт. Бул шартта алардын шайлоо укуктары кандай болот?" деген Жумагулов депутаттардын эс алуусу бүткөндөн кийин сентябрь айында бул маселе боюнча Жогорку Кеңешке кайрыларын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG