Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:03

Зилзаладан жабыркагандардын тизмеси такталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 20-июлда болгон жер титирөөдөн 1214 адам жабыркаган. Алардын 1100дөн ашууну жер там, 70ке чукулу көп кабаттуу үйдүн тургундары. Аталган министрликтин басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун айтымында, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 27-июлда Баткен облусунда жер титирөөдөн жабыр тарткандар менен жолугуп, аларга узак мөөнөттөгү кайтарымсыз ссуда берилерин билдирди.

19-июлдан 20-июлга оогон түнү саат 1:35те Баткен аймагында жер титирөө катталып, анын очогу облустагы Совет айыл округунда 7-8 баллга жеткен. Айдаркен шаарчасында 7 балл, Баткен шаарында 6 балл, Кызыл-Кыя, Ноокат шаарларында 5,5 балл, Ош шаарында 5 баллды түзгөн. Жалал-Абат облусунун Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл, Бишкекте 2-3 баллдык күчү байкалган. Силкинүү ошол эле түнү саат 2:46 жогорку аймактарда кайталанып, Совет айыл округунда 2 баллга жеткен болчу. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG