Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:58

“Эгемен Кыргызстан” Асановду президенттикке аттантты


Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн “Эгемен Кыргызстан” партиясынын саясий бюросунан кабарлашты. Кечээ, 27-июлда Бишкекте аталган партия кезексиз курултай өткөргөн. Анда негизинен күзүндө өтчү президенттик шайлоого ат салышуучу талапкер тандоо маселеси каралып, бир добуштан анын лидери Бектур Асанов президенттикке талапкер катары көргөзүлдү.

Президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына белгиленген. Буга чейин бир катар саясий партиялар өздөрүнүн талапкерлерин сунушташкан. Алардан тышкары бир нече жеке инсандар президенттик шайлоого ат салышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. Бүгүнкү күндө президенттик шайлоого катышууну каалагандардын саны – 24. (КЕ)

XS
SM
MD
LG