Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

FIFA: Кыргыз футболу Борбор Азияда эң чабал


Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жаңы жүргүзгөн рейтинги боюнча, Кыргызстандын футбол командасы мурдагыга караганда 10 позицияга төмөндөп, учурда 179-орунга ээ болду. Бул тууралуу федерациянын расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Орто Азиядагы мамлекеттердин ичинен 83-орунду ээлеп Өзбекстан алдыда турат. Мурдагы рейтинг менен салыштырганда, өзбектер 3 позицияга жогорулашкан. Ал эми Казакстан ордунан жылган жок - 126 орунда, Таджикистан 7 пунктунан ажырап, 142-орунда утрса, Түркмөнстан 138-орунда.

Өзбекстан менен Кыргызстан курама командалары бүгүн Бишкекте, Спартак стадионунда беттешет. 23-июлда Ташкентте өткөн Кыргызстан менен Өзбекстан командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 4:0 эсебинде утулуп калган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG