Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Футбол: Кыргызстан-Өзбекстан беттешүүсү башталды


Эки өлкө курамаларынын мелдешине кирүү билети. Бишкек, 27-июль.
Эки өлкө курамаларынын мелдешине кирүү билети. Бишкек, 27-июль.

Бүгүн Бишкектин Спартак стадионунда өтүүчү Кыргызстан - Өзбекстан футболдук беттешүүсү бүт коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты. Көпчүлүктү оюндун жыйынтыгынан мурда коопсуздук чаралары жана күйөрмандардын жүрүм-туруму кызыктырууда.

“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, саат 18де "Спартак" стадионунда оюн башталды, эки өлкөнүн гимни ойнолуп, командалар көк майсаңдан өз чектерин ээлөөдө. Жалпы орундун үчтөн бири толуп, күйөрмандар улам агылып келүүдө.

2014-жылы Бразилияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка иргеп алуу турниринин 23-июлда Ташкенде өткөн биринчи оюнунда Өзбекстан курамасы Кыргызстанды 4-0 эсебинде утуп алган.

“Спартак” стадионунун кызматкерлери көк майсаңды чач тегиздегендей кыркып, отургучтарын ашыга тазалоодо. Стадиондун жетекчиси Алмаз Касенов мелдешти өткөрүүгө спорттук комплекс даяр экенин билдирүүдө:

- Баары даяр, кийинип-чечинүүчү бөлмөлөр, оюн өтүүчү талаа дагы тегизделип бүттү. Буюрса, жогорку деңгээлде тосуп алууга даярбыз.

Бул стадион 1938-жылы түптөлүп, 60-жылдары кеңейтилген аренасы салынып бүткөн соң чоң мелдештер өткөрүлө баштаган. Советтер Союзу учурунда Фрунзенин “Алга” командасын колдоо үчүн 18 миң адамдык стадионго 25 миңге чейин ышкыбоздор чогулуп турчу.

Бирок азыр шаар жетекчилигин оюндун жыйынтыгынан мурда коопсуздук чаралары көбүрөөк кабатыр кылууда. Бул таймашта коопсуздукту камсыз кылууга миңдей милиция кызматкери, кинологдор тартылаарын Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева “Азаттыкка” билдирди:

- Борбордук милиция кызматкерлери бардык күчтөрдү эсептеп чыгышты. Кинологдор, атчандар топтору коопсуздукту сактоого жардам берет. Коомдук тартипти сактоо иш-чаралары саат 16дан башталып, оюндун аягына чейин уланат.

Ал ортодо оюн маалында кызуу кандуу жаштар бейбаштык кылып, алтурсун улутчул ураандарды кыйкырышы мүмкүн деген имиштер тарай баштады. Давлетбаева бул жагынан да бардык чаралар көрүлгөнүн кошумчалады.

Беттешүүдөн бир күн мурда Өзбекстан командасынын беш өкүлү келген. Курама топтун улук машыктыруучусу Шухрат Максутов кооптонууга эч кандай негиз жоктугун айтат:

- Биз таң эрте келдик, абдан жакшы тосуп алышты. Кыргыз-өзбек бир тууган элбиз. Мен коопсуздук жагынан баары жакшы болот деп ойлойм.

Өзбекстандын командасы Азия континентиндеги күчтүү командалардын бири саналат. Алар буга чейин Азия чемпионатында төртүнчү орунду алып, чет өлкөлөрдө машыгып келишти. Ал эми кыргыз футболчулары Азияда жаңыдан өнүгүп келаткан топтун катарына кирет.

2014-жылы Бразилияда өтө турган дүйнөлүк биринчиликке иргеп алуу турниринин алгачкы беттешүүсү 23-июлда Ташкентте болуп, өзбектер атаандашын 4:0 эсебинде утуп алган. Эми топ деген тоголок деп айтылгандай, кыргыз футболунун күйөрмандары Бишкектеги беттеште футболчуларыбыз үмүттү актаарына ишеним артууда.
XS
SM
MD
LG