Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Шайлоочулар тизмесин тактоого БШКга ПРООН көмөктөшөт


Бириккен улуттар уюумунун өнүктүрүү программасы учурда тизмелерди тактоо боюнча сунуштарын берүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева “Азаттыкка” билдирди. Ошондой эле БШК шайлоочулардын тизмесин Социалдык фонд жана Мамлекеттик каттоо кызматы аркылуу тактоо ыкмасын да караштырууда.

Мындан сыртары президенттик шайлоо маалында кошумча тизме колдонулбай турганын БШКнын дагы бир мүчөсү Нурмамат Ашымов “Азаттыкка” тастыктады. Бирок ар бир шайлоочу өзү жашаган аймактагы шайлоо комиссияларына барып алдын ала өзүнүн добуш берер-бербесин билдирүүсү керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG