Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Футбол: Кыргызстан - Өзбекстан, 1-тайм, эсеп 0:0


“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, Кыргызстан-Өзбекстан футболчуларынын беттешүүсүнүн биринчи таймы соңуна чыкты. Эсеп азырынча 0:0. Мелдеш тынч өтүүдө. Буга чейин кыргызстандык футболчу орой оюну үчүн сары карточка алды.

Футбол саат 18де "Спартак" стадионунда эки өлкөнүн гимни ойнолуп башталды. Болжол менен жалпы орундун төрттөн бири толгон. Буга чейин мелдешке болжол менен 20 миңдей көрүүчү күбө болору айтылган.

Маалыматка ылайык, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн миңден ашуун милиция кызматкерлери, ондон ашуун кинологдор үйрөтүлгөн иттери менен тартылган. Ар бир үчүнчү катарга бирден милиция кызматкерлери коюлган. Тартип коргоо кызматкерлери футбол күйөрмандарын катуу текшерип киргизүүдө. Ошондой эле тез жардам жана өрт өчүрүү кызматтары да тартылган.

23-июлда Ташкентте өткөн Кыргызстан менен Өзбекстан курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 4:0 эсебинде утулуп калган. Өзбекстан менен Кыргызстан курама командалары 2014-жылы Бразилияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында беттешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG