Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Бишкекти көрктөндүрүү үчүн 800 миң сомго урук алынды


Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн “Азаттыктын” Интернет-эрөөлүндө окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал шаарды көрктөндүрүү үчүн Чехиянын Прага шаарынан үлгү алып жатканын жана борбор калаадагы гүлдөрдү өстүрүүгө быйыл 800 миң сомдук үрөн алынганын билдирди. Ошондой эле кийинки жылы да сапаттуу жана кооз гүлдөр алынып келинерин кошумчалады.

Ал эми коомдук транспорт туурасында дагы бир окурмандын суроосуна Өмүркулов быйыл 70-75 тролейбус сатылып алынарын, ага өкмөттүн да жардамы керек экенин билдирди.

Интернет-эрөөл бүгүн түшкү саат 3тө башталып, 5те аяктады. Иса Өмүркулов окурмандардын 100гө жакын суроолоруна жооп берди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG