Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Норвегия полициясы Утойада дайынсыздарды издөөнү аяктады


Норвегиялык полиция 22-июлда Утойа аралында жаштар лагерин аткылоодо өлгөндөрдүн сөөгүн издөөнү токтотту.

Башкаруучу лейбористтик партиянын жаштар канаты эс алып жаткан маалда чабуулга кабылып, анда 68 киши набыт болгон. Ага чейин ордо калаа Ослодогу жардырууда 8 адам өлгөн.

Террактык чабуулдарды оңчул маанайдагы норвегиялык жаран Андерс Брейвик мойнуна алды. Сот аны алгач 8 жумага камакка алууга чечим чыгарды. Чабуулдун курмандыктарынын арасында чет элдиктер дагы бардыгы кабарланды.

XS
SM
MD
LG