Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Иш таштаган казакстандык жумушчулар Стинггe ыраазы


Казакстандын батышындагы Атырау шаарындагы мунай ишканасынын жумушчулары белгилүү ырчы Стингге өздөрүнүн иш таштоосун колдоп, Астанадагы салтанатка баруудан баш тартканы үчүн ыраазылык айтылган кат жиберишти.

"Азаттыктын" казак кызматы билдиргендей, жумушчулар өз катында «Сиз казак ырчылары билдирүүдөн корккон жарандык көз карашыңызды билдирдиңиз. Cиздин колдооңуз ыраакы Мангыстаунун чөлдөрүндө укук талашып, иш таштап жаткан бизге күч-кубат жана үмүт берет», деп жазышты. Катка 900 чакты жумушчу кол койду.

Стинг 4-июлда Астана Күнүндө жана президент Нурсултан Назарбаев 71 жашка чыккан 6-июлда Казакстандын баш калаасында ырдоого чакырылган эле. Стинг салтанаттарга бир күн калганда Мангыстаудагы иш таштаган жумушчуларды колдоп, бул концерттен баш тартаарын билдирген.

Жүздөгөн жумушчулар май айынан бери кесиптик кошуундарга чектөөлөрдү алып салууну, чет элдик жумушчулар менен тең укуктуулукту камсыздоону жана камактагы активисттерди бошотууну талап кылып келатышат. Кечээ мамлекеттик "Узенмунайгаз" ишканасы иш таштагандардын дагы 30у иштен кетирилгенин билдирген. Ишкананын дагы 373 жумушчусу ага чейин бошотулган.

XS
SM
MD
LG