Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Мубарактын үстүнөн сот иши Каирде өтөт


Мамлекеттик МЕНА агенттиги билдиргендей, мурдагы президент Хосни Мубарак менен анын шериктештеринин үстүнөн сот иши баш калаада 3-августта башталат. Аларга демонстранттардын өлтүрүлүшү боюнча айыптар коюлган.

Юстиция министрлигинин өкүлүнө ылайык, Мубарактын, анын эки уулунун, мурдагы ички иштер министринин жана башкалардын үстүнөн сот Каирдеги көргөзмө борборунда өтөт. Мубарактын саламаттыгы ага сот алдына келүүгө мүмкүндүк берээри анык эмес. Ал учурда өлкөнүн чыгышындагы Шарм эл-Шейх шаарында ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG