Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Куралчандар Ливиянын козголоңчул кол башчысын атып кетишти


Козголоңчулардын жетекчилиги билдиргендей, алардын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Абдел Фаттах Юнести эки жардамчысы менен кечээ кечинде атып кетишти. Бул тууралуу Улуттук өткөөл кеңештин төрагасы Мустафа Абдул Жалил козголоңчулардын таянычы болгон Бенгази шаарындагы маалымат жыйынында кабарлады. Ал өлтүрүүнү уюштурган топтун башчысы кармалганын кошумчалады.

Юнес кезегинде Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин ички иштер министри болуп туруп, феврал айында башталган көтөрүлүштө козголоңчулардын тарабына өтүп кеткен эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG