Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

НАТО Косовонун чек арасын көзөмөлдөп турат


НАТОнун тынчтык аскерлери Косовонун Сербия менен чек арасындагы эки өткөөлдү өз көзөмөлүнө алды. Мунун алдында косоволук сербдер өткөөлдөрдүн бирин өрттөп салышкан эле. Алар Косовонун атайын полициясы бул бекеттерди басып ала турган болгондо ушуга барышкан. Косовонун өкмөтү бул өткөөлдөн тыюу салынган товарлардын Сербиядан ташылышын токтотуу үчүн чара көргөн. Тартип коргоочулардын операциясында косоволук бир полициячы окко учкан. Бириккен Улуттар уюму Сербиянын чукул жыйын өткөрүү талабын кабыл алды.

XS
SM
MD
LG