Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Башкы прокуратура: Быйыл кылмыштуулук 6% өскөн


Баш прокурор Аида Салянова ушул жылдын жарым жыл ичинде башкы көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, прокуратура органдары карап жаткан иштер боюнча быйыл кылмыштуулуктун саны 5,7% өскөн. Жарым жыл ичинде республика боюнча 16 717 кылмыш катталган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 900 кылмышка көп. Булардын ичинен 2,5 миңи оор жана өзгөчө оор кылмыштар.

Башкы прокуратура ички иштер органдары боюнча тергөөнүн абалын текшерип, мурда катталбаган 366 кылмышты таап, аларды каттоого койгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG