Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Ливия өткөөл бийлигинин армия башчысын атып кетишти


Ливия Улуттук өткөөл кеңешинин армия башчысы Абдул Фаттах Юнисти 28-июлда атып кетишти. Бул окуя ар кандай түкшүмөлдөргө жем таштады.

Генерал менен кошо бийик даражалуу дагы эки кызматкер өлтүрүлгөн. Улуттук өткөөл кеңештин башчысы Абдул Мустафа Жалил генерал Абдул Фаттах Юнис баштаган үч кишинин өлүмү тууралуу Бенгази шаарында түн ичинде уюштурулган маалымат жыйынында жарыялады.

Маалыматка караганда, командачы Брега шаарында белгисиз адамдардын колунан өлгөн. Өткөөл жетекчи муну Каддафини жактаган күчтөр жасады деп, кабатырлануусун билдирди, бирок суроолорго жооп бербей, маалымат жыйынынан шашылыш чыгып кетти.

Армия башчысынын бейдарек набыт болушу Ливия лидери Муаммар Каддафини бийликтен кетирүү максатын көздөгөн күчкө сокку ургандай таасир калтырды.

Ливия Улуттук өткөөл кеңештин башчысы Абдул Мустафа Жалил
Командачы Абул Фаттах Юнис адатта брондолгон автоунаада, сакчылардын катуу кайтаруусунда жүрөрү мурдатан белгилүү болчу. Ушундай шарттагы өлүм козголоңчулардын өздөрүнүн колунан келди деген жоромолдорду жараткан.

Анын үстүнө "Ал-Жазира" баштаган бир топ маалымат каражаттары өткөөл кеңеш бейшемби күнү Юнисти шектүү деп кармап, Бенгазиге алып келатканын жазышкан.

Times of London гезитинин журналисти Жеймс Хайдер имиштер жөнүндө Си-Эн-Энге буларды айтты:

- Аны биз "өткөн 24 саат ичинде көрүнгөн жок, камакка алынды" деп укканбыз. Анын тарапкерлери, айланасындагы жакын адамдары ал мунай шаары саналган Брегада ошол эле козголоңчул армия мүчөлөрү тарабынан камакка алынды деп айтышкан. Алардын айтымында, Улуттук өткөөл кеңештин атынан келген адам Муаммар Каддафи режими менен байланышта деген шек Юниске туулуп жатат деп түшүндүргөн.

Каддафи бийлиги учурунда Юнис ички иштер министри болуп туруп, февраль айында козголоңчулар кыймылына өтүп кеткен. Кезинде Каддафинин жакын чөйрөсүндө болгон бул бийик даражалуу адам козголоңчулардын айрым бөлүгүндө шек жараткан. Маалыматка караганда, Мисратадагы козголоңчулардын аскерий күчтөрү Юнис жетектеген Улуттук армиянын башкаруусунан баш тартып келишкен.

Өткөөл кеңештин башчысынын айтымында, Юнис Бенгазиге саясий жетекчилик менен аскерий күчтөрдүн тартыштыгын талкуулаганы келаткан. НАТОнун Каддафи күчтөрүнө каршы кайталап сокку урганы менен Брегада күрөш апрель айынан бери кыйла солгундап калган.

Юнистин өлүмү Португалия Улуттук өткөөл кеңешти мыйзамдуу өкмөт деп тааныгандыгын жарыялаган маалга туш келди. Андан мурдараак Лондон Ливиянын тоңдурулган 149 миллион доллар активин козголоңчулардын пайдасына бошотконун, Австрия тоңдурулган акчадан 1,7 миллиард доллардын тегерегинде жүгүртүүгө койо берерин билдирген.

Улуттук өткөөл өкмөттү АКШны кошкондо 30га жакын өлкө тааныды.

Шаршемби күнү мамлекеттик телеберүү аркылуу Ливия чалгын кызматынын башчысы Абдулла ал-Сенасси АКШ, Британия баштаган мамлекеттердин билдирүүлөрүн жана козголоңчулар аракеттерин мындайча баалаган:

- Мен таң калып атам, Батыш ошол эле террорчуларды колдоп атат. Терроризмге каршы күрөш боюнча эл аралык коалиция түзүлгөндө биз анын бөлүгү болчубуз. Азыр коалиция өзгөрдү. АКШ менен Британия ислам экстремизмине каршы күрөшүп келди эле, эми алар менен биригип алды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG