Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Түркмөнстанда он банкир паракордук үчүн соттолду


Түркмөнстандын Жогорку соту өлкөнүн башкы банкынын он кызматкерин паракордук үчүн айыптап, эң узагы 15 жылга дейре эркинен ажыратты. Сот отуруму улуттук телеканалдан көргөзүлдү. Анда айтылгандай, соттолгон банкирлер курулуш компанияларына тийиштүү акча которгону үчүн 5 миллион долларга жакын пара алышкан деп күнөөлөндү. Ушу тапта Түркиялык бир нече компания аткарган курулуш иштери үчүн 1 миллиард доллардан ашуун акчаны төлөгөн жок деп Түркмөнстанды сотко берүүгө камданууда.

XS
SM
MD
LG