Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Кыргыз-кытай чек арасында жер силкинди


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн таңкы саат 3:08де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында катталып, анын күчү очогунда беш баллга жетти.

Жер титирөөнүн очогу Алай аймагындагы Нура айылынан түштүк-батышты көздөй 8 чакырым, Эркештам айылынан түштүк-батышты карай 15 чакырым, Гүлчө айылынан түштүк-чыгыш тарапка 90 чакырым алыстыктан жайгашкан.

Термелүүнүн күнү Нура айылында 5 балл, Эркештам айылында 4-5 балл, Бордобо айылында 3-4 балл, Сары-Таш айылында 3 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (KKs)

XS
SM
MD
LG