Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Президент болгусу келгендер саны 26га жетти


Боршайкомдун басма сөз кызматынын маалыматы брюнча, 29-июлда БШКга “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясы Бектур Асановдун талапкерлигин көрсөтүштү. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, убактылуу жумушсуз Жаныбек Сүйналиев өзүн-өзү көрсөтүшкөн.

Буга чейин “Жашылдар” партиясынын атынан Эркин Бөлөкбаев, “Эл үчүн” партиясынан Арстанбек Абдылдаев, “Ата Журт” партиясынан Камчыбек Ташиев, “Бүтүн Кыргызстандан” Адахан Мадумаров жана Коммунисттер партиясынан Исхак Масалиев президенттикке ат салыша турганын БШКга маалымдашкан.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов, Аскер сотунун судьясы болуп иштеп келген Барктабас Аземкулов, убактылуу жумушу жок деп белгиленген Тургунбек Нарикеев, Жылдызбек Стамбаев, Асида Иманалиева, Дамира Токтосунова, Темиркул Өмүралиев жана жеке ишкананын жетекчиси Сазыкбай Турдумалиев, Өмүрбек Бөлтүрүков, Алмазбек Каримов, Нурлан Мотуев, “Московский Комсомолец - Азия” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакулов, жана Коргоо министрлигинин кызматтан чегинген полковниги Болотбек Казакбаев, “Инсанат” коомдук корунун жетекчиси Өмүрбек Эгембердиев өзүн өзү көрсөтүшкөн.

Талапкерлигин өздөрү көрсөткөндөрдүн тизмесин мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев, латвиялык “Маро” ишканасынын өкүлү Сайнидин Султанидинов жана Президенттин иш башкармалыгынын бөлүм референти Эрнис Айтымбетов, КМШ, Балтия жана Чыгыш Европа 22 мамлекеттин Эл аралык өнөр жайчылар жана ишкер адамдар Конгрессинин вице-президенти (Москва), Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагасы, 2005 жана 2009-жылдардагы президенттик шайлоодогу талапкер Акбаралы Айтикеев да толуктаган.

Ал эми БШКга талапкер катары кайрылган "Сергей Радоженский жана Айкөл Манас" укук коргоо борборунун жетекчиси Игорь Трофимов өз арызын кайтарып алган.

Президенттикке талапкер каттоодон өтүп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн 30 миң кол топтоп, 100 миң сом БШКга төгүшү керек. Ошондой эле бардык талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө тийиш. Президенттик шайлоого катышууну каалагандар 15-августтун кечине чейин БШКга расмий кайрылууга тийиш. Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген. (KKs)

XS
SM
MD
LG