Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

ТИМ: Көлбаев Дубай шаарындагы камакта


Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлиги Камчы Көлбаев жана Алмазбек Анапияевдин камакка алынганын тастыктады. Учурда алар Дубай шаарындагы убактылуу кармоочу жайда камакта отурат. Кармалган адамдарга карата иликтөө иштеринин жыйынтыгы Дубайдагы Интерполдун бюросуна берилди.

Уюшма кылмыштуу топтордун төбөлдөрү атыккан Камчы Көлбаев жана Алмазбек Анапияев 18-июлда Араб Эмираттарындагы Абу-Даби шаарында кармалган. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги алар менен бирге Адилет Касенов аттуу дагы бир кыргызстандык кармалганын, алар БАЭда зергер буюм дүкөнүн тоноду деп шектелип жатканын кабарлаган. Аты аталган адамдар Кыргызстанда бир катар оор кылмыштарга шектелип, уюшма кылмыштуу топтордун өкүлдөрү катары издөөдө жүрүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG