Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:52

31-июлда тоолордо өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 31-июлда Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир тоолордо жана тоо этектеринде гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37, Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Баткен облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 10…15 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 34…36 градус (даража) жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG