Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:04

Чолпон-Атада прокурордун иш бөлмөсүн өрттөп кетишти


30-июлда таңкы саат төрттөр чамасында Ысык-Көл райондук прокуратуранын прокурорунун жана анын жардамчысынын иш бөлмөсүн белгисиз бирөөлөр өрттөп кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. Натыйжада эки бөлмөдөгү бир катар техникалык жабдыктар күйүп кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. (MK/KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG