Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

“Ысык-Көл-2011” фестивалы бүгүн жыйынтыкталат


Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Ысык-Көл-2011” фестивалынын жеңүүчүлөрү бүгүн кечинде аныкталып, сынак гала-концерт менен аяктайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” фестивалдын уюштуруучуларынын бири, Кыргызстандын Улуттук маданий борборунун бөлүм башчысы Эрмек Муканбетов билдирди.

Ырчылардын аткаруучулук чеберчилигин сынаган бул эл аралык феcтивал 29-июлда башталган. Ага Кыргызстан жана Казакстандан 40тан ашык ырчы катышып, эстрадалык жана фольклордук жанрлар боюнча күч сынашууда. Ырчыларды Кыргызстандын Анарбек Ибраев, Түгөлбай Казаков баштаган маданият ишмерлери жана Казакстандан келген калыстар сындан өткөрүшүүдө.

Байге фонду 500 миң сомдон ашкан бул сынак Ысык-Көл облустук жана райондук администрациялары, Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргызстандын Улуттук маданий борбору жана КТРКнын демилгеси менен уюштурулууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG