Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Сотторду тандоо кеңешинин дарегине даттануулар түшүүдө


Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сотторду тандоо кеңеши иштеп баштагандан бери алардын дарегине 150дөй арыз жана даттануулар түштү. Бул арыздардын көпчүлүгү кеңештин ишмердүүлүгүнө жана алар текшере турган судьялык кызматтарга байланыштуу.

Буга чейин бир катар коомдук уюмдар Сотторду тандоо кеңешине кайрылып, аларды ачык иштөөгө чакырган.

Маалыматка ылайык, учурда Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьялыгына талапкерлерди оозеки сынактан өткөрүүдө. Жогорку Соттогу 35 бош орунга 114 талапкер, Конституциялык палатадагы 11 орун үчүн 30 талапкер ат салышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG