Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

1-августта айрым жерлерде ысык 38 градуска чейин жетет


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 1-августта Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде гана өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл кылаасында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 33…38, Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37, Баткен облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 10…15 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 35…37 градус (даража) жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG