Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Вашингтондо карыз боюнча чукул жыйын өтүп жатат


Бул тууралуу кабарлаган Сенаттагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид Ак Үй менен Конгресстеги республикачылдардын лидерлери орток пикирге жакын экенин билдирди. Бирок чечилбеген суроолор дале көп экенин кошумчалады. Мындан мурдараак Эл өкүлдөр жыйынынын спикери, республикачыл Жон Бейнер келишим акыркы мүнөттөрдө кабыл алынаарына толук ишене турганын айткан.

Эгерде АКШда мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу менен карыздын көлөмүн көбөйтүү боюнча келишим 2-августка чейин кабыл алынбаса, АКШнын өкмөтү карыздарын төлөй албай калганын моюнга алат, башкача айтканда, техникалык дефолт жарыялайт. Мунун кесепети глобалдык экономика үчүн да оор болоору айтылууда.

XS
SM
MD
LG