Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Сирияда бүгүн өкмөттүк аскерлер 45 адамды өлтүрдү


Сирияда адам укугун коргоо жаатында иштеген уюм Хама шаарындагы догдурлардын айткандарына шилтеме жасап, бүгүнкү чабуулда кеминде 45 адам коопсуздук күчтөрүнүн огунан өлгөнүн кабарлады. Бул шаарда президент Башар ал-Ассадга каршы эң ири демонстрациялар башталганда бир ай мурдараак танкалар шаарды курчоого алышкан. Ал арада өлкөдөгү дагы бир укук коргоо уюму Дейр ал-Зор шаарында өткөн түнү аскерлер алты кишини атып өлтүрүшкөнүн айтты.

Адам укугун коргоочу активисттердин кабарына караганда, Сирияда президентке каршы элдик толкундоолор быйыл мартта башталгандан бери 1500 ашуун куралсыз эл набыт болду.

XS
SM
MD
LG