Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58
Азырынча бир жүргүнчүдөн дайын жок болуп жатат. Жалпысынан бул кемеде 16 адам болгон, жетөө куткарылган эле. Кечээ кечинде бул кемеде майрамдык иш-чара болуп жаткан кезде түнкү саат 1:00 ал Москва мамлекеттик университетинин тушунда алдынан келаткан жүк ташуучу узун кеме менен сүзүшүп кетип, сууга чөккөн.

Суу транспортун колдонууда коопсуздук эрежелери сакталбаганы үчүн кылмыш иши козголду. Кеменин ээси да сууга чөгүп өлгөнү айтылууда. Ал буга чейин үч жолу эрежелерди бузганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганы аныкталып отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG