Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Бүгүн кинокербен сапарга чыгат


“Мен 20 жаштамын” аттуу кинокербен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына байланыштуу уюштурулууда. Мамлекеттик кинематография агенттигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, иш-чарада жаш режиссерлордун түрдүү эл аралык сыйлыктарга татыган тасмалары, “Кыргызфильм” киностудиясында тартылган жаңы фильмдер көрүүчүлөргө тартууланат.

Кинокербен 1-августтан 31-августка чейин Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, көрүүчүлөргө “Алмаз”, “Кам санабаңыз”, “Сөйкө”, “Мекеге жол”, “Абышка” жана башка толук, кыска метраждуу тасмаларды тартуулайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG