Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Түркияда армиянын жаңы жетекчилери дайындалат


Түркиянын саясий жана аскерий жетекчилеринин бүгүнкү жыйыны НАТОго мүчө өлкөнүн армиясында тартип орнотууга багытталган. Мунун алдында өткөн жума күнү армиянын жогорку даражалуу төрт генералы кызматынан биринен сала экинчиси чегинген эле. Алар - армиянын Башкы штабынын башчысы, жөө аскерлердин, деңиз жана аба күчтөрүнүн командачылары. Жогорку даражалуу генералдар жоон топ башка генералдардын, төмөнкү деңгээлдеги аскер кызматчылардын ишке ашпай калган төңкөрүшкө катышы бар деген айып менен камакка алынышына нааразылык билдиришкен. Армиянын төрт кол башчысынын бир учурда кызматтан чегинүүсү түрк армиясынын тарыхында буга чейин болгон эмес. Түркиянын Жогорку аскерий кеңешинин бүгүн башталып, төрт күнгө созулуучу жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган төрагалык кылуучу жыйыны кызматтан чегинген кол башчылардын ордуна жаңы адамдарды тандаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG