Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Манас менен Айтматов эстеликтерине Аскар Акаев миң сом кошту


Ош Мамлекеттик университетинин окутуучусу Аскар Акаев Бишкектин чок ортосуна коюла турган Манас баатыр жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелдери үчүн миң сом которгон. Бул маалыматты “Азаттыкка” президенттин кеңешчиси Султан Раев тастыктады. Анын айтымында, бүгүнкү күндө эстеликтерди куруу үчүн Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын өткөрүү дирекциянын казынасына 15 млн. сом түшкөн. Негизинен жергиликтүү ири ишканалар акча которууда. Жалпысынан эки айкелдин курулушу 28 млн. сомго бааланган.

Манастын айкелин Ала-Тоо аянтындагы “Эркиндик” эстелигинин ордуна, ал эми Айтматовдун эстелигин мурдагы Агропром имаратынын алдына коюу чечими өкмөттүн токтому менен кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG